ЕӨБдүн $770 млн тууралуу маалыматы чындыкка дал келбейт

«Кыргызстан аэропорттору» ачык акционердик коому Евразия өнүктүрүү банкынын (ЕӨБ) «Манас» эл аралык аэропортун реконструкциялоо жана жаңы «Жалал-Абад» аэропортун куруу долбоорлорун каржылоонун көлөмү тууралуу туура эмес маалыматтарды таратып жатканына олуттуу тынчсыздануусун билдирет.
Тактап айтканда, таратылып жаткан материалдарда аталган долбоорлорду каржылоонун жалпы көлөмү 770 миллион АКШ долларын түзөрү көрсөтүлгөн.
«Кыргызстан аэропорттору» ААК бул маалымат чындыкка дал келбей тургандыгын расмий билдирет. Мындай маалыматтарды жарыялоо фактылык маалыматтарды олуттуу бурмалап, коомчулукту адаштырат жана Кыргыз Республикасынын аэропорттук инфратүзүмүн өнүктүрүүгө багытталган реалдуу каржылык салымдардын көлөмү тууралуу туура эмес түшүнүк жаратат.
Коомчулукка объективдүү жана ишенимдүү маалымат берүү максатында «Кыргызстан аэропорттору» ААК учурдагы жагдайды тактап түшүндүрүүнү зарыл деп эсептейт.
«Манас» аэропорту
«Манас» эл аралык аэропортунун аэробекет комплексин масштабдуу реконструкциялоонун, анын ичинде учуп-конуу тилкесин капиталдык оңдоонун жана кошумча инфратүзүмдү модернизациялоонун алдын ала баасы болжол менен 130 миллион АКШ долларын түзөт.
Ошол эле учурда, бул сумма акыркы болуп эсептелбейт. Анткени айрым иштер дагы эле улантылууда жана акыркы финансылык эсептөөлөр толук аяктай элек. Долбоордун акыркы наркы бардык каралган иштер бүткөндөн жана тиешелүү эсептөөлөр жүргүзүлгөндөн кийин аныкталат.
«Жалал-Абад» аэропорту
Жаңы «Жалал-Абад» аэропортун куруу долбоорун ишке ашыруунун, анын ичинде долбоорлоо жана ага байланыштуу иштердин алдын ала баасы, учуп-конуу тилкесин курууга кеткен чыгымдарды кошкондо, болжол менен 60 миллион АКШ долларын түзөт.
Бул сумма да алдын ала эсептөө болуп саналат жана курулуш иштери аяктап, акыркы финансылык эсептөөлөр жүргүзүлгөн соң такталууга тийиш.
Ушундан улам, «Кыргызстан аэропорттору» ААК эки долбоор боюнча бардык куруу-монтаждоо иштери толук аяктап, акыркы эсептөөлөр жүргүзүлүп, долбоорлорду ишке ашыруунун жалпы наркы аныкталгандан кийин да чыгымдардын жалпы суммасы жарыяланган 770 миллион АКШ долларына жетпей тургандыгын өзгөчө баса белгилейт.
Демек, Евразия өнүктүрүү банкы тарабынан айтылган сумма кыйла жогорулатылып көрсөтүлгөн жана аталган инфратүзүмдүк долбоорлорго жумшалып жаткан каражаттардын реалдуу көлөмүн чагылдырбайт.
«Кыргызстан аэропорттору» ААК өлкө үчүн маанилүү болгон мындай инфратүзүмдүк объекттерди каржылоо боюнча текшерилбеген жана чындыкка дал келбеген маалыматтарды таратуу бул жол берилгис көрүнүш деп эсептейт. Мындай жарыялоолор коомчулукта күмөн ой-пикирлерди жаратуу менен, Кыргыз Республикасынын жарандык авиациясын өнүктүрүүгө багытталган финансылык каражаттардын көлөмү жана максаттуу пайдаланылышы тууралуу негизсиз божомолдордун жаралышына да алып келет.
Компания, айрыкча мамлекеттик мааниге ээ ири инфратүзүмдүк долбоорлор жөнүндө сөз болуп, ага тиешелүү финансы-экономикалык көрсөткүчтөр жарыяланып жаткан учурда өтө жоопкерчиликтүү мамиле кылуу зарылдыгын белгилейт.



