Окуялар

Нарында жер титирөө катталды

14-октябрда саат 21:09да Нарын облусунда жер титирөө катталды. Анын күчү очогунда 3 баллды түздү. Бул тууралуу Сейсмология институтунан билдиришти.

Алдын ала маалыматтар боюнча, жер титирөөнүн очогу Байбиче-Тоо тоолорунда, Ак-Булак айылынан түштүккө карай 14 чакырым жана Баетов айылынан түштүк-чыгышка карай 32 чакырым аралыкта жайгашкан.

Ак-Булак айылында жер титирөөнүн күчү 2,5 баллга жеткен.

Тектеш кабарлар

Back to top button