Окуялар

Балыкчыда 484 млн сомдук жер муниципалдык менчикке кайтарылды

Балыкчы шаарында 484 млн сомук жер тилке мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратура маалымдады.

Шаардык прокуратура тарабынан текшерүү жүргүзүлгөн. Натыйжада 2018-жылы Көк-Мойнок айыл өкмөтүнүн токтомунун негизинде Балыкчы шаарындагы эркин экономикалык зонанын аймагында жайгашкан «Аэродромдун» 30 гектар жер тилкеси мыйзам талаптарын бузуу менен «Т.» ЖЧКсына жеке менчикке берилип кеткендиги аныкталган.

Көрүлгөн прокурордук чаралардын натыйжасында жалпы баасы 484 млн 263 миң сомду түзгөн аталган жер муниципалдык менчикке кайтарылды.

Тектеш кабарлар

Back to top button