Коом

Бишкектеги 16 аз камсыз болгон үй-бүлөгө 150 миң сомдон берилди

Бишкектин Свердлов районундагы 16 аз камсыз болгон үй-бүлөгө мамлекеттик социалдык келишим программасынын алкагында кайтарымсыз 150 миң сомдон берилди. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.

Муниципалитеттин маалыматына ылайык, каражаттар өз ишин ачууга багытталган.

Райондук комиссиянын кароосуна тургундардан 57 арыз түшкөн. Ал эми акыркы жыйындын жыйынтыгы менен дагы сегиз бизнес-долбоор жактырылган.

Социалдык келишим программасы Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин 2022-жылдын 15-июлундагы №385 токтомунун негизинде ишке ашырылат.

Райондогу аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү колдоо иштери улантылууда.

Тектеш кабарлар

Back to top button