Баткенде эл аралык жаштар форуму өттү

Баткенде «Жаштардын достук көпүрөсү: тынчтык, ынтымак жана кызматташтык» аттуу эл аралык жаштар форуму өттү. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Форумга Тажикстандын Согди облусунан жана Өзбекстандын Фергана облусунан келген делегациялар катышты.
Иш-чаранын негизги максаты — коңшу мамлекеттердин жаштарынын ортосундагы достук мамилелерди бекемдөө, өз ара түшүнүшүүнү жана кызматташтыкты өнүктүрүү, ошондой эле тынчтыкты жана ынтымакты чыңдоо.
Форумдун алкагында кол өнөрчүлүк буюмдарынын жана жаш ишкерлердин продукцияларынын көргөзмө-жарманкеси уюштурулуп, жаштар комитеттеринин кызматташтыгы боюнча диалог өткөрүлдү.
Мындан тышкары, жаштар Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстандын чек аралары кесилишкен жерде жайгашкан «Достук» стеласынын жанына көчөттөрдү отургузушту. Ошондой эле Баткен шаарынын борбордук аянтында жаш таланттардын катышуусунда гала-концерт өттү.
Форум коңшу өлкөлөрдүн жаштарынын ортосунда тажрыйба алмашууга, достук байланыштарды бекемдөөгө жана аймактар аралык кызматташтыкты кеңейтүүгө багытталды.



