Маданият
Кыргыз театрынын 100 жылдыгы шоу-концерт менен белгиленет

2-ноябрда Бишкек шаарындагы Турдакун Усубалиев атындагы эски аянтта кыргыз профессионал театрынын 100 жылдык мааракесине арналган шоу-концерт өтөт.
Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, майрамдык иш-чара саат 17:00дө башталып, алгач театрлаштырылган көрүнүш тартууланат. Андан соң кыргыз эстрадасынын белгилүү ырчыларынын катышуусунда концерттик программа өтөт.
Шоу-концертке Асылбек Өзүбеков, Бек Борбиев, Курал Чокоев, Жийдеш Идирисова, Жанар Туратова, Малика Дина, Бегиш, Миран Жанарбаев, Эра, Эламан Каныбеков, Насип Мырза жана “Мета” тобу катышат.
Уюштуруучулар Бишкек шаарынын тургундарын жана конокторун майрамдык кечеге чакырат.



