Жалал-Абадда дарыялардан мыйзамсыз кум-шагыл казгандар кармалып, айып пул салынды

Жалал-Абад облусунда мыйзамсыз кум-шагыл казып алуу фактылары аныкталып, эки жаранга айып пул салынды. Бул тууралуу Экология министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Министрликтин маалыматы боюнча, Сузактагы Көк-Арт дарыясынын өндүрүш зонасынын (промзона) ылдыйкы бөлүгүндө оор техникалардын жардамы менен мыйзамсыз кум-шагыл казылып жаткандыгы тууралуу түшкөн кайрылуулардын негизинде текшерүү жүргүзүлдү. Анын натыйжасында мыйзам бузуу фактысы аныкталып, күнөөлүү тарапка 13 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Мындан тышкары, Ноокен районунун Арал айылынын аймагында, Кара-Үңкүр дарыясында уруксат берүүчү документтери жок кум-шагыл аралашмасын казып алуу фактысы аныкталды. Бул боюнча укук бузуу жөнүндө протокол түзүлүп, мыйзам бузуучуга 13 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Ошондой эле мыйзам бузган жарандарга жаратылыш ресурстарын пайдалануунун тартиби жана тиешелүү уруксат берүүчү документтердин болушу зарылдыгы боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.



