Коом

Чолпон-Атада мэр шаардын 50 жылдыгына карата ардактуу тургундарды куттуктады

Чолпон-Ата шаарынын мэри Рустам Кадыркулов шаардын түптөлгөндүгүнүн 50 жылдык мааракесинин алдында Чолпон-Атанын калыптанышына жана өнүгүшүнө олуттуу салым кошкон улуу муундагы тургундардын абалын сурап барды.

Рустам Кадыркулов шаардын эң кары жашоочуларын жакындап калган маараке менен куттуктап, аларга президенти Садыр Жапаровдун атынан куттуктоо жана каалоо-тилектерди жеткирди. Ошондой эле көп жылдык ак ниет эмгеги, туулган жерине болгон берилгендиги жана Чолпон-Атанын өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди.

«Шаарда оң өзгөрүүлөр болуп жатат: инфратүзүм жаңыртылып, шаар жакшы жагына өзгөрүүдө. Бул өзгөрүүлөрдүн бардыгы шаардыктардын жашашы жана биздин коноктордун эс алуусу үчүн ыңгайлуу дагы, коопсуз дагы шарттарды түзүүгө багытталган. Сүйүктүү шаарыбыздын өнүгүшүнө кошкон салымыңыздар баа жеткис. Сиздердин эмгегиңиздердин жана туулган жерге болгон берилгендигиңиздердин аркасында шаарыбыздын пайдубалы түптөлгөн», — деп белгиледи Рустам Кадыркулов.

Мэриянын атынан ардагерлерге эстелик белектер жана акчалай каражаттар тапшырылды.

Жолугушуунун соңунда мэр аларга бекем ден соолук, аманчылык жана узак өмүр каалады.

Тектеш кабарлар

Back to top button