Коом

Мрамор айылына чакан автобустар каттайт: президент мөөнөтүн тактады

Аламүдүн районунун Мрамор айылындагы транспорт тартыштыгы жакынкы айларда чечилиши мүмкүн.

Бул маселени мамлекет башчысынын катышуусундагы жолугушууда Чокморов айыл аймагынын депутаты Эльмира көтөрүп чыгып, айылга №153 же №43 шаардык каттамдардын бирин узартып берүүнү өтүндү.
​Бишкек шаарынын мэриясы конуштарга жана Чүй облусунун жакынкы айылдарына кошумча каттамдар пландалып жатканын билдирди. Ал эми жолдун абалы туура келбегендиктен, ал жактарга чоң автобустар эмес, узундугу 8 метрлик 627 даана чакан автобустар киргизилмекчи.
​Президент автобустарды март-апрель айларында жаңы автобекет ачылганга чейин келишин камсыздоо зарылдыгын белгиледи. Шаар жетекчилиги учурда 6 компания текшерүүдөн өтүп, жумуштар жигердүү жүрүп жатканын кабарлады.

Тектеш кабарлар

Back to top button