Коом

Кыргызстанда айлык инфляцияга жараша көтөрүлөт

Кыргызстанда айлык акы инфляциянын деңгээлине жараша индексацияланат. Эмгек кодексине киргизилген тиешелүү өзгөртүүлөргө президент кол койду.


Эми иш берүүчүлөр товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн баасынын өсүшүнө байланыштуу кызматкерлердин эмгек акысын көтөрүүгө милдеттүү болот. Маянаны индексациялоо тартиби жамааттык келишимдерде, макулдашууларда же уюмдардын ички (жергиликтүү) ченемдик актыларында бекитилет.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Тектеш кабарлар

Back to top button