Садыр Жапаров «Учкундун» мурдагы жетекчисин китеп чуусуна байланыштуу сынга алды

Мектептерде китеп тартыш болуп жаткан маалда алардын базарда ачык сатылышы боюнча «Учкун» ААКтын мурдагы директору Бакытбек Султанов кызматтан алынды. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Аламүдүн районунун тургундары менен жолугушууда билдирди.
Мамлекет башчысы жакында китеп басып чыгарууга 8,5 миллиард сом бөлүү тууралуу жарлыкка кол койгонун жана жакынкы эки жылда 1-класстан 12-класска чейинки окуучулар китеп менен толук камсыз болорун белгиледи. Ал эми базардагы сатууга байланыштуу кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери жүрүүдө.
Эске салсак, жаңы окуу жылы башталганда ата-энелер жана парламент депутаттары мектептерде китеп жетишпей, ал эми базарларда эркин сатылып жатканына нааразычылык билдиришкен. Мурдараак «Учкун» ишканасы китептерди басып чыгаруу менен гана алектенерин, алардын андан аркы колдонулушуна жооп бербей турганын кабарлаган болчу.



