Эне жана баланы коргоо борбору робот-хирург сатып алууга тендер жарыялады

Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Эне жана баланы коргоо улуттук борбору онкология үчүн робот-хирург сатып алууга кайра тендер жарыялады. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар порталындагы жарыяда айтылат.
Пландалган сумма — 209 млн 528 миң 714 сом.
Өтүнмөлөр 2026-жылдын 25-ноябрына чейин кабыл алынат.
Робот-хирург операцияларды чакан тешиктер аркылуу жүргүзүүгө мүмкүндүк берет: хирург манипуляторлорду консолдон башкарат, ал эми система сүрөттү 3D форматта көп эсе чоңойтуп, колдун титирөөсүн жоёт. Онкологияда муну шишиктерди алып салуу үчүн, анын ичинде жетүүгө кыйын жерлерде колдонушат.
Бейтаптар үчүн негизги артыкчылыктары: кан жоготуу жана жаракат аз болот, айыгуу тезирээк өтүп, стационарда жатуу мөөнөтү кыскарат, ткань жана нервдерди сактоо менен шишикти алып салуунун тактыгы жогору.



