Коом

Эскертүү: Кар жаап, катуу шамал болушу мүмкүн

«Кыргызгидромет» аба ырайынын начарлашына байланыштуу эскертүү жарыялады.

Синоптиктердин маалыматы боюнча, 11-12-ноябрда өлкө аймагында жамгыр карга айланат, тоолуу райондордо кар жаайт. Айрым жерлерде жаан, кар катуу жаашы мүмкүн.

Ошондой эле туман болору болжолдонууда. Айрым райондордо шамал секундасына 15–20 метрге чейин күчөйт.

Автомобиль жолдорунун тоолуу участокторунда кар жаап, муз тоңот, бул унаа кыймылын кыйындатышы мүмкүн.

Айдоочуларга ылдамдыкты жана аралыкты сактоо, сапарды пландоодо аба ырайын эске алуу сунушталат.

Тектеш кабарлар

Back to top button