Саясат
Бакытбек Адылов президенттик шайлоого талапкерлигин көрсөттү

Мамлекеттик ишмер, Жалал-Абад шаарынын мурдагы мэри Бакытбек Адылов президенттик шайлоого талапкерлигин көрсөттү. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы кабарлады.
Маалыматка караганда, ал 11-ноябрда өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде комиссияга арыз берген. Адылов — президент болуу ниетин билдирген 8-киши.
Талапкердин өмүр баяны жана эмгек жолу:
44 жаштагы Бакытбек Адылов 2004-жылы Ош мамлекеттик университетинин юридика факультетин аяктаган. Өзүнүн эмгек жолун юрист болуп баштаган.
- 2008–2011-жылдары Жалал-Абад шаардык кеңешинин жооптуу катчысы;
- 2011–2012-жылдары Жалал-Абад шаарынын мэри болуп иштеген;
- 2015–2016-жылдары өкмөттүн алдындагы Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы болгон.
Ошондой эле ал «Туз-Бел-Таш» жана «Байэл-Премиум» компанияларында жетекчилик кызматтарды аркалаган.



