Коом
Жыл башынан бери Кыргызстандын тоолуу аймактарынан 297 адам эвакуацияланды

Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары жыл башынан бери тоолуу аймактардан 297 адамды эвакуациялады. Бул тууралуу 10-ноябрда ӨКМден билдиришти.
Куткаруу операциялары татаал тоолуу жерлерде, анын ичинде Адыгене, Электро, Мугалим чокуларынын жана Рацек алачыгынын аймактарында жүргүзүлдү.
2025-жылы ӨКМ куткаруучулары тоолуу аймактардан 395 адамды куткарышкан. Ал эми мурдагы жылдары бул көрсөткүч жыл сайын 200–240 адам чамасында болгон.



