Саясат
Президент Кыргызстандын Украинадагы элчисин кызматынан бошотту

Президент Садыр Жапаров Идрис Кадыркуловду Кыргызстандын Украинадагы элчиси кызматынан бошотту. Бул тууралуу «Ынтымак ордодон» билдиришти.
55 жаштагы Кадыркулов Украинадагы элчи болуп 2022-жылдын 25-январында дайындалган.
Буга чейин Москва районунун тургуну президентке даттанып, Кадыркуловдун үй-бүлөсүн колхоздун мүлкүн басып алууга жана 3 500 гектар жерди мыйзамсыз менчиктештирүүгө айыптаган.
Бул дооматтарга жооп берген Идрис Кадыркулов үй-бүлөсү колхоздун бир да имаратын же техникасын менчиктештирбегенин айткан. Дипломат бул айыптоолорду үй-бүлөсүн каралоо аракети деп атап, акыркы алты жылда Башкы прокуратура, Салык кызматы, УКМК жана башка мамлекеттик органдар ондон ашык текшерүү жүргүзгөнүн билдирген.



