Саясат
Тоңдун тургуну акимдин биринчи орун басарынын үстүнөн даттанды

Тоңдун тургуну президент менен жолугушууда акимдин орун басарынын үстүнөн даттанды.
Тактап айтканда Тоң айылынан Тынчтык Качаганов акимдин орун басары, мурдагы айыл өкмөт башчы Болот Мамбетов өздөштүрүүгө деп 10 гектарлап жер алып, кайра 4-5 сотыхтан сатып жатканын билдирди.
«Азыр сатып жетишпейт жатат», — деди ал.
Тоңдун акими биринчи орун басары тууралуу ушундай сөз айтылып жатканын тастыктап, укук коргоо органдары маалыматты текшерип жатышканын билдирди.
Президент прокуратурага эгерде чын болуп калса, дароо чара көрүүнү тапшырды.
«Туугандары бөлүп алып, 10 эле гектар эмес, 70-80 гектар бар. Кайын журтуна да бөлүштүргөн», — деди тургун.



