Окуялар
Ак-Сай өрөөнүндө аркардын башы жана мүйүзү менен эки жаран кармалды

Ат-Башы районунун Ак-Сай өрөөнүндө рейд учурунда мыйзамсыз аңчылыкка шектелип эки жергиликтүү тургун кармалды. Бул тууралуу Экология министрлигинин Нарын регионалдык башкармалыгы билдирди.

Беш-Бала тилкесинде инспекторлор Б.у.Б. жана Э.у.Ы. аттуу жарандарды токтотушкан. Эркектер уруксат документтери жок, союлган аркардын башын жана мүйүзүн атка байлап ташып бара жатышкан.

Мекеменин кызматкерлери окуя болгон жерде акт түзүп, материалдарды андан ары териштирүү үчүн Ат-Башы райондук милициясына өткөрүп беришти.



