Кыргызстанда 50гө жакын ГЭС ишке киргизилди

Кыргызстанда акыркы 5 жыл ичинде 50гө жакын чакан жана орто ГЭС пайдаланууга берилди, ал эми учурда ушунча эле сандагы жаңы ГЭСтердин курулушу жигердүү жүрүп жатат. Бул тууралуу энергетика министри Алтынбек Рысбеков Кытайдын Циндао шаарында өткөн эл аралык жыйында билдирди.
Министр «Бир алкак – бир жол» демилгесине катышкан өлкөлөрдүн энергетика министрлеринин конференциясында жана Энергетика өнөктөштүгүнүн Жетектөөчү кеңешинин биринчи жыйынында сөз сүйлөдү. Жыйында жашыл энергетиканы өнүктүрүү, электр тармактарын жаңылоо жана бул тармакка жасалма интеллект технологияларын киргизүү маселелери талкууланды.
Өз сөзүндө Алтынбек Рысбеков Токтогул ГЭСинин төрт гидроагрегатын толук модернизациялоо ийгиликтүү аяктаганын, натыйжада станциянын орнотулган кубаттуулугу 240 мегаваттка көбөйгөнүн өзгөчө белгиледи. Мындан тышкары, ал кубаттуулугу 1 860 мегаватты түзгөн Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушу өлкө үчүн стратегиялык маанилүү долбоор экенине токтолду.
Эл аралык иш-чарада Кыргызстандын энергетикалык потенциалын арттыруу жана заманбап технологияларды киргизүү боюнча жасалып жаткан кадамдарга өзгөчө маани берилди.



