Коом
Алай районунда жаңы спорткомплекстин курулушу аяктоодо

Ош облусунун Алай районундагы Арпа-Тектир айылында жаңы спорткомплекстин курулушу аяктап жатканын Курулуш министрлиги билдирди.
Объекттин жалпы наркы 58,8 млн сомду түзөт. Курулуш республикалык бюджеттин эсебинен каржыланууда.
Архитектуралык долбоорго ылайык, комплекстин имараты эки кабаттан турат. Ал жерде жалпы аянты 1006 чарчы метр спорт зал, машыктыруучунун кабинети, кийим чечүүчү бөлмөлөр, ошондой эле күрөш залы каралган.
Объекттин курулушу 2025-жылдын январь айында башталган. Бүгүнкү күндө негизги курулуш иштери аяктады, ошондой эле жанындагы аймакты көрктөндүрүү иштери жүрүп жатат.



