Сахнага жаш окуучу, төкмө акын Элмирбек Иманалиев келди

Төкмө акындардын арасына Элмирбек Иманалиев деген дагы бир  жаңы ысым кошулду. Аты-жөнү, жөндөмү, ой-жүгүртүүсү менен айырмаланып бул бала акын эрте эле элдин көңүлүн бура алды. Болгону мектептин окуучусу. Сүйлөшүп көргөн адам анын отуз, кырктагы адамдай акыл калчап сүйлөгөнүн көрүп, мектеп окуучусу экенине ишенбей кетиши да мүмкүн. Анда эмесе дал ушул жаш талант Элмирбектин маеги назарыңыздарда.

-Элмирбек, төкмөлүк өнөргө кантип, кандайча аралашып калдың?
-Аты-жөнүм акын Элмирбек Иманалиевдин атынан болгондуктан ата-энем акын болсо экен деп тилек кылышчу. 2014-жылы ноябрь айында устатым Элмирбек Иманалиевдин номерин таап байланышты. Устатым бизди “10-ноябрь күнү “Айтыш” коомдук фондуна келгиле” деди. Барсак телевизордон гана көрүп жүргөн төкмө акындардын баары жүрүшүптүр. Аябай толкундандым. Элмирбек байке мени ырдатып көрүп “мындан кийин акын болуп биздин катарыбызга кошул” деди. Ошондо Курсант Нурматов, Амантай Кутманалиев, Элмирбек Иманалиевдер ак батасын берип, алардын жолун улап келе жатам десем болот. -Элибизге белгилүү көп кырдуу талант Элмирбек Иманалиевдин атын алып жүргөнүң көбүнө маалым. Бул ысымдын пайдасы жана зыяны?
-Мен үчүн эң биринчи пайдасы атым Элмирбек болуп калгандыгында. Ким билет, балким атым башка болсо акындык өнөргө анчейин кызыкпай калмак белем. Көбүнчө адамдар Элмирбек Иманалиевдин баласы деп ойлоп, каякка барсам сурай беришет. Ал учурда мен “Элмирбек Иманалиев менин өнөрдөгү атам” деп жооп берем.


– Колуңа комуз алып, айтыш башталганда  ырды жаттап төгүшүң мүмкүнбү?
-Жок, төкмө акындар ыр жаттабайт. Бул кудайдан берилген шыбага десек болот. Жөн гана мээде маалымат болуш керек. Ошондо гана аны ырга салып ордубуздан төгөбүз.
-Эң биринчи чоң сахнага качан чыктың эле? Андагы толкундоолор?
– Алгач чоң сахнага 2016-жылы устатым Элмирбек Иманалиевдин “Мен тандаган жол” аттуу чыгармачылык концертинде чыккам. Анда мен үч жолу роль жараттым. Биринчи жолу сахнага чыкканда толкундоолор болбой койбойт экен. Элдин сүрү баары бир башкачадай туюлду. Азыр аз да болсо көнүп калдым.
-Классташтарың сени менен сыймыктанабы?
– Ооба, классташтарым сыймыктанышат. Себеби мектептеги иш-чараларда ырдап калам. Ал гана эмес сабак берген мугалимдерим да дайыма колдоп “өсчү бала, сабактарына жардам берип туралы” деп кээде айтыш, концерттерге уруксаат берип, түшүнүү менен мамиле кылып турушат.
-Өнөрүң сабак окууңа жолтоо болбойбу?
Өнөр деген ыйык кенч. Ал менин маңдайыма жазылган байлыгым. Андыктан аны жолтоо кылат дегенден алысмын. Сабакты өз учурунда, өнөрдү өз учурунда алып кеткенге аракеттенем.
– Келечекте кимдей болсом деп кыялданасың?
Келечекте устатым Элмирбек Иманалиевдей акын болуп, өнөрүмдү дүйнө жүзүнө тартуулап, Кыргызстандын атын тааныткым келет.
– Окууну бүткөн соң кайсы кесипти аркалайын деген оюң бар?
2-3-классымда математика мугалими болгум келчү. Андан соң тарых мугалими болгум келе баштаган. Эмнегедир берилип жан дилим менен окуган сабагым тарых сабагы. Бирок өнөрдө жүргөн адам башка кесипти тандаса өнөрүнө анчейин көңүл бөлө албай калышыш мүмкүн экен. Ошондуктан биротоло акын болсом деп чечкен учурум.
– Мектептеги үлгү катары көргөн мугалимиң?
Башта айтып кеткендей тарых сабагына кызыккандыктан тарых сабагынан берген мугалимим  Байтик уулу Кайырбекти үлгү катары көрчүмүн. Бирок бир ай мурун ал биздин мектептен кетип калды. Кеткенине аябай өкүндүм. Эмнегедир сабакты бизге жан дили менен түшүндүргөн, мектептеги жакшы көргөн мугалимим болчу.

Сүрөттөр интернеттен алынды

Маектешкен Элнура Шакирова