Алтымышка чыкканда гана туугандарын тапкан Советбек Жумадылов

Жыйырманчы кылымдагы кыргыз театры менен киносунун жылдызы Советбек Жумадыловдун чыгармачылык өмүрү өтө ийгиликтүү өткөн инсандардын катарында турат.

Улуттук маданиятка Жарасбай, Баяке, Байзак, Бостон сыяктуу кинодо баш каармандарды аткарган, Войницкий, Эзоп, Ашырбай, Эдигей, Ричард III өңдүү сахна кейипкерлеринин эстен кеткис элестерин калтырган С. Жумадыловдун жеке таржымалында ат көтөргүс трагедиясы бар экенин, анын талантын урматтаган көрүүчүлөр турмак, жанында өмүр бою катарлаш иштеген коллегаларынын бири да билген эмес. 

Өткөн кылымдын кандуу 30-жылдардын ортосунда Арал айылдык советинин  төрөгасы  болуп иштеп жүргөн атасы Жумадыл, айылдаштарынын жалган жалаасынын айынан “эл душманы” делинип атылып кеткен. Ошондо аны менен кошо балдарым да зыян болуп калбасын деп корккон Бөдөнө эне кичинекей чүрпөлөрүн алып, айылынан качып чыгат. Адегенде төркүндөрүнө барып баш паанектеп, андан соң Пржевальск (азыркы Каракол) шаарына көчүп кетет. Ошентип Советбек Жумадылов беш жашынан тартып аталаш туугандарын көрбөй өсөт.

Кийин атагы Кыргызстанга эле эмес, Советтер Союзуна чейин тараган кезде, 1989-жылы 52 жылдан кийин гана Советбек Жумадылов туугандары менен табышып, катыша баштаган.  

P.S.Маалымат Жумадыловдун жакын туугандарынан алынды.

Abal.kg