Коом

Кытайдан Бишкекке 140 тонна эт келди деген маалымат жалган

Социалдык тармактарда  “Государственная санитарная инспекция Кыргызской Республики” деп таратылып жаткан кабар чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Кыргыз Өкмөтүнө караштуу ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекттик инспекциясы маалымат  берди.

Кытай Эл Республикасынын “Хенань” провинциясынан Кыргыз Республикасына 2019-жылдын декабрь айында  48 тонна өрдөк эти алынып келинген.

Ветеринардык талаптардын негизинде, алынып келинген эттерди текшерүү үчүн үлгү алынып Ветеринардык диагностика жана экспертиза борборуна (ВДЭБ) жиберилген. Текшерүүнүн жыйынтыгы чыгып, коопсуздугу аныкталгандан кийин сатууга уруксат берилген.

“Хенань” провинциясы оору катталган “Хубэй” провинциясынан 511 чакырым алыстыкта жайгашкан.

Азыркы күндө Кытайдан Кыргызстанга эт жана эт азыктарын алып келүүгө убактылуу чектөөлөр киргизилди (маалыматтар такталганча).

Социалдык тармакта туура эмес кабарларды ким таратып жаткандыгын аныктоо үчүн Кыргыз Өкмөтүнө караштуу ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекттик инспекциясы тарабынан Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук Комитетине кат жөнөтүлдү.

Эскерте кетсек, эки күндөн бери телефонго  WhatsApp аркылуу, социалдык тармактарга: «Урматтуу мекендештер!Китайдан Бишкеке 140тонна эт кирип контрабанда менен анын 70тоннасы кармалды,экспертиза бойунча азырка чейин белгисиз эмнени эти экендиги.(Заключение экспертизы мясо выявило споры бешенство).70тоннасы Шаардын ичине тарап кетиптир,Урматтуу жердештер колунардан келсе жолдон гамбургер,фаршты алуудан баш тарткыла.🚑🚑🚑….20.01.2020 жыл.Государственная санитарная инспекция Кыргызской Республики!» деп жазылган окшош маалыматтар тараган.

ИИМдин маалымат кызматы да жалган маалыматтарды тараткандар кылмыш жообуна тартылаарын эскертти.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button