Көрө албастардын курмандыгы болуп, театрдан куулган Бакен Кыдыкеева…

Өткөн кылымдагы кыргыздын искусствосуна үлкөн салым кошкон улуттук театр жана кино жылдыздарынын өмүрү дайыма эле атак-даңктын үстүндө өткөн эмес. Алардын жашоо-турмушунда, чыгармачылык ишинде далай кейиштүү жана өкүнүчтүү учурлар болгон. СССРдин эл артисти Бакен Кыдыкееваны театрдагы анын чыгармачылык ийгилигин көрө албагандардын кылган кыянаттыгы жөнүндө төмөндө айтылат.

1967-жылы Октябрь төңкөрүшүнүн жарым кылымдыгына карата Кыргыз драма театры И. Поповдун “Үй-бүлөө” драмасын сахналаштырмакчы болушат. Ал убакта чыгармачыл  кесиптештери  Бакен Кыдыкееваны жаманатты кылышып, театрдан чыгарытып ийишкендиктен, актриса сахнадан четтеп кинодо жүргөн учуру. Баса, дароо айта кетчү нерсе, 1958-жылкы кыргыз маданияты, адабияты менен искусствосунун Москвада өткөн II декадасында (он күнүдүгүндө) Бакен Кыдыкеева элибиздин тунгуч көркөм фильми “Салтанатта” башкы ролду; андан тышкары Кыргыз мамлекеттик драма театрынын “Добул”, “Тайфун”, “Курманбек”, “Тар капчыгай” төрт спектаклинин экөөндө башкы, экөөндө борбордук ролдорду ойноп катышып, “СССРдин эл артисти” деген наамга көрсөтүлүп атканда, кесиптештери аны СССРдин маданият министрлигине жамандап барышып, бердирбей коюшкан (бул наамды Б. Кыдыкеева ошондон он эки жыл өткөндөн кийин, 1970-жылы гана алды). Ошого шерденген коллегалары аны алтымышынчы жылдардын башында жанагинтип театрдан куудуруп ийишкен. 

Октябрь төңкөрүшүн ишке ашырып, жаңы Россияда тоталитаризмди орноткон В. И. Лениндин бала чагы – Володя Ульяновдун (Ленин) ролу Сатыбалды Далбаевге ыйгарылат. Бирок, драмадагы негизги роль Володянын апасы – Мария Александровна Ульянова. Жалпы советтик идеологиянын критерийине ылайык, Мария Александрова нары ак сөөк, нары билимдүү, нары интеллигенттүү, нары энелик мээрими төгүлгөн, психологиялык жактан кылдат жарала турган, көтөрүңкү маанайдагы театралдык пафос кенедей да аралашпаган, өтө ынанымдуу образ болууга тийиш эле. Мындай образга чак келе турган актрисаны Кыргыз драма театрынан таба албай, кыргыз сахнасында оюнду коюу үзгүлтүккө учурай турган болуп калат. Кокус, саясий – идеологиялык мааниси өтө чоң бул оюн коюлбай калса, анда болуп көрбөгөндөй чуу чыкмак – далай жетекчилер креслосунан шыпырылып, далайларынын тагдырына балта чабылмак. Мына ушундай саясий кыйчалыш шартта ал кездеги маданият министри Күлүйпа Кондучалова Бакен Кыдыкееваны токтоосуз таап, театрга алып келгиле, ошол гана бул образды талапка ылайык жарата алат дейт. “Кыдыкеева аморалдуу иш кылды деп театрдан чыгарылбады беле!” дешип, актрисаны көрө албаган, ичи тар коллегалары катуу каршы турушуп, ошол кездеги театр жетекчилиги да анын театрга кайтып келишин таптакыр каалабай коет. Ошондо министр К. Кондучалованын ачуусу аябай келип “Силердин эки Кыдыкееваңар бар беле?!” деп,  буйрук менен актрисаны театрга алдырып келет.  Кыраакы министрдин чечими менен сахнага кайтып келген Б. Кыдыкеева, айткандай эле Мария Александровнанын образын республикалык партиялык жетекчиликтин үмүтүн актагыдай, идеологиялык-эстетикалык критерийлердин талабына толук жооп бергидей, жогорку чеберчиликте жаратат.

Бул оюн ошол учурдагы жалпы кыргыз театрынын тарыхындагы этаптуу чыгармачылык ийгиликтердин бири болуп калган. Ал эми Б. Кыдыкеева бул образы үчүн, ал кезде таланттардын талантына гана бериле турган, ал тургай ошол учурда СССРдин көрүнүктүү калем чеберине айланган Чыңгыз Айтматов али ала элек, Токтогул атындагы Кыргызстандын Мамлекеттик сыйлыгына татыган.

P.S.Драматург Жаныш Кулмамбетовдун “Талант жана тагдыр” даректүү пьесасынан алынды.

Abal.kg