Жаныш Кулмамбетов: Таттыбүбү Турсунбаеваны көрө албастардан Бакен Кыдыкеева гана коргогон

Драматург, театр сынчысы, режиссер Жаныш Кулмамбетов менен белгилүү инсандар тууралуу маек курдук. Баарлашуубуз кыргыз чүрөгү айтылуу Таттыбүбү Турсунбаева тууралуу  уланды.

-Жаныш Осмонович, сиз фейсбукта жазып атпайсызбы, “Ал актриса Таттыбүбү Турсунбаеваны жыйналыш сайын жамандаган” деп. Эмне үчүн жамандачу эле?  

-Жамандагысы келсе, адамга шылтоо табылат да. “Жаман көргөндүн бөркү казанбактай” дейт, анын сыңарындай, көрө албаган адамыңды жамандаш үчүн олуттуу фактынын да, аргументтин да анча зарылдыгы жок да. Оюңдан чыгарып, калпты чындай кылып койгулаштырып айтып, каралай берсең – эл ишене берет. Кыргызча аны “шыбамай” дешет. Дегинкиси, ошол учурларда театрда өткөн ар бир жыйналыш Таттыбүбүнү жамандамайын өтчү эмес. “Шыбап” эле атышчу. Орусча айтканда муну “травля” деп коет. Көрө албаган коллегалары Турсунбаеваны ушинтип системалуу түрдө, атайылап “травить” этип атышып, максаттарына жетишти, деп ойлойм.

Таттыбүбү Турсунбаева

-Жан тарткандар, калыс сөзүн айткандар болчу беле?

-Кантип жок болсун, бар, албетте. Мисалы, Бакен Кыдыкеева Таттыбүбүнү дайыма жактачу. Мени бир нерсе аябай таң калтырат. Башкалардыкы го түшүнүктүү,  Таттыбүбүгө тең келе албасын билишип, ага колдорунан келишинче бут тосушуп, жолдорунан алып ташташ үчүн жанагинтип жанталашып жамандашкан, ар түркүн айла-амалдарды жасашкан. Логика боюнча Таттыбүбүгө биринчи кезекте бут тосо турган Кыдыкеева болуш керек эле да. Анткени ал Турсунбаевага чейин театрдын жападан-жалгыз примадоннасы болгон. Таттыбүбүнүн келиши менен Кыдыкееванын мурдагы атагы колдон чыгып, даңкы өчө баштамак. Ансыз деле Турсунбаеванын театр менен киного аралашышы менен атак-даңктын баары ага ооп кетпедиби. Бирок, Бакен Кыдыкеева өзүнүн керт башын гана эмес, жалпы улуттук театрдын, кыргыз искусствосунун тагдырын, келечегин ойлогон кеменгер, акылман чыгармачыл личность. Анын мындай касиетине мисалдар четтен чыгат. Ал жашоого реалдуу караган адам. Ошондуктан Кыдыкеева өзүнүн ордун баса турган актрисанынын театрга, киного келгенинне ичи тарып күйүнбөй, тескерсинче чекеси жарыла сүйүнгөн. Турсунбаевага колдоо көрсөткөнүнүн сыры ушунда. Экинчи жагынан, менин баамымда Бакен Кыдыкеева өтө  акыйкат, өтө кыраакы киши эле. Таттыбүбүнү акыйкатсыз, көрө албастыктын айынан каралап атышканын эң сонун түшүнгөн. Ошон үчүн өзүнүн акыйкат сөзүн айтып, ага моралдык колдоо көрсөтүп турган.

Бакен Кыдыкеева

-Таттыбүбү Турсунбаева тууралуу пьесаңызда эмнелерге басым жасадыңыз эле?

 -Биринчи кезекте көрө албастыкка, Таттыбүбүнүн тегерегиндеги ага каршы интригаларга. Эсимде турат. 1974-жыл болчу. “Ромео менен Жульетта” спектакли жүрүп аткан. Таттыбүбү менен Имаш башкы ролдо. Жульеттаны баккан аялды Жумаш Сыдыкбекова эже ойночу эле. Аябай таланттуу, колориттүү актриса болчу, эже. Баккан аял Ромеого жолугуп, андан кабар алып Жульеттага келген эпизод бар. Жумаш эже “Жульетта!.. Жульетта!..” деп сахнага чыгып, ары-бери чуркап эле издеп калды. Таттыбүбү-Жульетта  чыкпайт. Эже сахнада бир азга айланчыктап туруп, анан чыгып кетти. Көшөгө дароо жабылды. Бир нерсе болгонун баамдадык. Спектаклдин режиссеру Бообек Ибраев сахнага чыгып антракт жарыяланганын, Жульеттаны башка актриса келип ойноорун айтты. Мен жарык берип аткан жерден ылдый чуркап түшүп келсем, Турсунбаеванын эси ооп жыгылып, “тез жардам” чакырып атышыптыр. Жалаң интригалардын айынан нерви көтөрө албай калганы түшүнүктүү да. Болбосо, отузга чыга элек жаш актриса жөндөн-жөн эле эси ооп калмак беле. Мисалы, ошол эпизод да  пьесамдын ичинен орун алган.

-Эгер азыр театрлардын арасынан ал пьесаңызды коебуз деп сурашса, койдура бересизби?

-Биринчи кезекте батынып кое турган театрдын Таттыбүбүнүн ролун ойной турган актрисасы болсо, көрөбүз.

-Албетте Турсунбаеванын сулуулугу теңдешсиз. А адис катары, сиз жеке өзүңүз, анын талантына кандай баа бересиз?

-Жеке баамымда – Турсунбаева ченде жок сулуулугуна барабар келген ошондой эле таланттын ээси. Театрдагы ойногон ролдорун көпчүлүк биле беришпейт болуш керек. Ал эми ал кинодо жараткан Ак Мөөр менен Уркуянын образдарынан эле көрүнүп турбайбы, актрисанын талант кудурети канчалык бийик экени.

-Таттыбүбүгө “Манастын уулу Семетейде” Каныкейдин ролун бербей коюшкан деген маалыматты окуп калдым эле. Ушунун чындыгы канчалык?

-Ооба, берилбей калганы чын. Ал дагы ошол Турсунбаеваага каршы интригалардын натыйжасы. “Манастын уулу Семетей” коюла баштаганда театрдагылар да, көрүүчүлөр да Каныкейди Бакен Кыдыкеева менен Таттыбүбү Турсунбаева ойношот деп күтүшкөн. Бирок, тилекке каршы Турсунбаева таптакыр ойнойбой өтүп кетти. А Кыдыкеева Каныкейди ойногонго үлгүрдү. 

(Интервьюнун уландысы бар)

Суроо салган Зарина Мырзакулова