Окуялар

УКМК: Бишкекте спортко бөлүнгөн үч миллион сом уурдалганы белгилүү болду

УКМКнын басма сөз катчысы Рахат Сулайманов билдиргендей, Бишкек мэриясынын Дене тарбия жана спорт башкармалыгында бюджеттик каражатты уурдоо боюнча коррупциялык схема аныкталганын маалымдады.

Дене тарбия жана спорт башкармалыгынын башчысы жооптуу адамдар менен бирге спортчулардын машыгууга чыгуусун күбөлөндүргөн фиктивдүү документтерди жасоо жолу менен бюджеттик каражаттарды өздөрүнө системалуу түрдө ыйгарып алып турган, бирок ал машыгуулар уюштурулган эмес.

Атайын кызматтын маалыматына караганда, жасалма кагаздардын негизинде бюджеттен 3 млн сом уурдалган.

Факт боюнча сотко чейинки өндүрүш Жазык кодексинин 320-беренесинин (Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) негизинде Кылмыштардын жана жоруктардын реестрине катталды.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button