Токиодо өтө турган Олимпиада оюндары болбой калышы ыктымал

Быйыл, 2020-жылы Японияда өтө турган жайкы Олимпиада оюндары өтпөй калуу коркунучунда турат. Бул тууралуу Эл аралык олимпиаданын мүчөсү Дик Паунд билдирди.

Анын айтымында, үч ай ичинде Олимпиаданын тагдыры белгилүү болот. Бул арада уюштуруучулар коопсуздук маселесин чечип, короновирусту жуктуруу тобокелчилигин азайтуу керек.

Бул боюнча Олимпиадалык комитет Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму менен биргеликте чечим кабыл алат.

Дик Паунд спортчуларды үмүт үзбөй, машыгууну уланта берүүгө чакырды.

Олимпиада быйыл жайында Токиодо өтөт. Ага 11 миң спортчунун катышуусу пландалууда.

Акыркы маалыматтар боюнча коронавирустан каза болгондордун саны 2 миң 760га жетти. Аны 80 миң 994 киши жуктурду. Японияда 170 киши илдетке чалдыкты.

Abal.kg