Самара Каримованы “апа” деген Аваз Акимов сынга кабылды

КР эмгек сиңирген артисти Самара Каримова ырчы Аваз Акимов менен колтукташып сүрөткө түшүп, ага куттук сөз айтып Инстаграм баракчасына жүктөдү.

Самара Каримова Аваз Акимовду: “Авазтай,биздин сыймыгыбыз, кыргыз элинин сыймыгы, туулган күнүң менен! Айдана экөөнөр бактылуу болгула ылайым! Көп балалалуу болгула!” деп  жазган.

Каримованын куттуктоосуна ырчы Аваз Акимов “Рахмат апа” деген жообун билдирген.

Бул куттуктоолордун алдына ырчы  Аваз Акимовду туулган күнү менен куттуктагандар да, ага удаа сын айткандар да болду.

Пикир калтыргандардын бири: “Тобоо, көрүнгөндү эле “ата, апа” дей берет экен да. Ар нерсенин өзүнүн орду  бар го, өкүл эне деш керекпи” деп жазды ырчынын күйөрмандарынын бири.

Abal.kg