Коом

ИИМ митингчилерди кууганга канча киши тартылганын так айткан жок

Жогорку Кеңештин депутаты Урмат Самаев ички иштер министринин орун басары Алмаз Орозалиевден 2-мартта аянтта чогулган митингчилерди кууганга канча укук коргоо органдарынын өкүлү тартылганын сурады.

Министрдин орун басары Жогорку Кеңештин укук тартиби боюнча комитетинин жыйынына катышты. Бирок министрдин орун басары чогулгандарды таратууга канча укук коргоо органдарынын өкүлү тартылганын тактаган жок.

“Бул жабык маалымат”, — деп жооп берди Орозалиев.

Эскерте кетсек,2-мартта Садыр Жапаровдун тарапташтары митингге чыгып, аны бошотуп актагыла деген талаптарын койгон. Кеч киргенине карабастан митингди уланткандыктан милиция атайын каражаттар менен кубалап тараткан. Милиция жүздөн ашык кишини кармап, кайта коё берген. Бирок төрт киши камакка алынган.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button