Коом

Каныбек Осмоналиев 5-майга чейин тергөө абагына киргизилди

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Каныбек Осмоналиев 3-майга чейин УКМКнын тергөө абагында болот. Биринчи Май райондук соту бүгүн 5-мартта саясатчынын баш коргоо чарасын тандады.

2-мартта Каныбек Осмоналиев Садыр Жапаровду колдоо үчүн уюштурулган митингдин катышуучуларын башаламандыкты уюштуруп, милиционерлерге баш ийбей, аларга таш ыргытууга жана шаардыктардын мүлкүн зыянга учураткан аракеттерге түрткөн деп шектелүүдө. Мындан тышкары, Ак үйдүн аймагына кирүүгө жана бийликти басып алууга аракеттер болгону айтылды.

Осмоналиев Садыр Жапаровдун бир тууганы Сабыр Жапаров менен кошо кармалган.

Кечээ Жогорку Кеңештин аппаратынын кызматкерлерине кол салды деп шектелип митингге катышкан аял да кармалган.

Эскерте кетсек, башаламандыктан кийин шаардагы ички иштер бөлүмдөрүнө 166 киши алып келинип, анын төртөө убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Фактылар боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 39 жана 309-беренелеринин («Бийликти күч менен басып алууга аракет кылуу») негизинде кылмыш иши козголгон.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button