Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алган алты кишинин бешөө пенсионер

Ош облусунун Ноокат районунда коронавируска чалдыккандардын үчөө тең аялдар экенин коронавирус боюнча түзүлгөн республикалык штаб билдирди.

Вирус жуктуруп алган аялдар – 67, 71 жана 77 жашта. Алар изоляцияга алынып, тиешелүү дарылануу алып жатышат.

Эске салсак, кечээ, 19-мартта алгачкы жолу Жалал-Абад облусунун Сузак районунда коронавирус жуктуруган 3 эркек киши катталган. Алар 70, 62 жана 46 жашта.

Abal.kg