Окуялар

ИИМ. Коменданттык сааттын ичинде Бишкекте 193 киши кармалды

Кыргыз Республикасынын аймагандагы өзгөчө абал киргизилген Бишкек шаары, Ош областынын Ноокат, Кара-Суу райондорунун, Ош шаарынын, Жалал-Абад областынын Сузак районунун жана Жалал-Абад шаарынын аймактарында коменданттык саат киргизилген убакыттын ичинде тактап айтканда кечки саат 20.00 эртен мененки 07.00 убакыттын ичинде жалпы республика боюнча коменданттык сааттын талаптарын жана эрежелерин эскертүүлөргө карабай бузгандыктары үчүн ички иштер органдарынын бөлүмдөрүнө 320 жаран жеткирилди, 9 автоунаа токтотулду.

Алардын ичинен Бишкек шаары боюнча — 193, Ош шаары боюнча -25, Жалал-Абад шаары-10, Сузак району боюнча-26, Ноокат району боюнча-11 жана Кара-Суу районунда-55.

Алардын бардыгына коменданттык сааттын талаптары менен эрежелерин бузгандыктары боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, экинчи кайталанбоосу эскертилип, коменданттык сааттын аякташы менен койо берилди.

“Өзгөчө абал жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамынын 28-беренесине ылайык, Ушул Мыйзамдын 26-беренесинде каралган тартипти бузууга жол берген адамдар милиция же аскердик патрулдар тарабынан коменданттык саат аяктаганча кармалат, ал эми жанында документтери жоктор ким экени аныкталганча, бирок үч суткадан ашпаган мөөнөткө кармала тургандыгын дагы бир жолу эскертебиз.

ИИМ Кыргыз Республикасынын жарандарына кайрылат жана эскертет, өзгөчө абал боюнча мыйзамдардын талаптарын бузбоого жана зарыл иштери жок болсо үйдө калууларын суранат. Ошондой эле жарандарды социалдык тармактар жана Интернет аркылуу жалган маалыматтарды таратпоого чакырат.

ИИМдин Басма Сөз кызматы

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button