Окуялар

Бишкекте синтетикалык баңгизат таратууга шектелген жигит кармалды

Бишкекте баңгизат таратууга шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу борбор калаанын милициясы билдирди.

Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы (БМЖККК) тарабынан «Допинг» ыкчам-алдын алуу иш-чарасы жүргүзүлүп, Биринчи май районунун аймагында баңгизаттарды жашыруун жайларга катып коюу жолу менен синтетикалык баңгизаттарды таратууга шектелген 2006-жылы туулган С.К. аттуу жаран колго түшүрүлгөн.

Аны жеке тинтүү учурунда ичиндеги заты белгисиз 56 түйүнчөк табылып, алынган. Мындан тышкары, ыкчам тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө шектүү көрсөткөн жерлерден дагы ушундай эле 8 түйүнчөк табылган. Жалпысынан 64 түйүнчөк алынып, алардын салмагы 152 граммды түзгөн.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин (баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун мыйзамсыз даярдоо, сактоо, ташуу же сатып өткөрүү) негизинде кылмыш иши козголду. Шектүү Бишкек милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Тектеш кабарлар

Back to top button