Карантин убагында бош убакты үйдө, пайдалуу өткөрсө болот

Күнүмдүк турмушта эртең менен жумушка кетип, кечинде үйгө келип, үйдөгүлөргө же өзүңө жакшы көңүл бура албай жүрүп, каап үйдө отурсам мындай иш кылат элем деп убакыттын тардыгына түртө салчу элек. Мына эми, карантинде үйдө көп пайдалуу иштер менен алек болууга мүмкүнчүлүк түзүлдү жана биздин редакция төмөнкү кеңештерди сунуштайт:

1. Жакшылап уйкуңузду кандырыңыз

Себеби жумушка шашып таң атпай туруп, кечинде үй оокаты менен алек болуп жүрүп уйкуңуздун канбаганына бир топ болсо керек. Уктаардын алдында сөзсүз  тишиңизди жакшылап тазалап, бетиңизди жууп, тамактандыруучу бет майдан сүйкөп, бетиңизге массаж жасап жатсаныз, эртең менен уйкуңуз канган менен бирге, бетиңиздин териси дагы сизге ыраазы болуп калганын байкайсыз. Анын үстүнө окумуштуулардын изилдөөсү боюнча саат 21.00 дөн түнкү 3.00 кө чейин организмде өзгөрүү жүрүп, тери катмарында жашаруу процесси орун алат экен.   Андан тышкары жатаардын алдында бир стакан жылымтык суу ичүүнү унутпаңыз. Себеби уйку убагында жүрөк кан-тамырларынын иштөөсүнө жакшы өбөлгө түзөт. Сууну көбүрөөк ичип койсоңуз анда эртең менен көздөрүңүз шишип калышы ыктымал. Андыктан сууну ченеми менен ичиңиз.

2. Көнүгүү менен машыгуу

Эртең менен турганда кайрадан эле бетиңизди муздак жана ысык суу менен кезектетип жууп, бет майдан сүйкөп, кайра массаж жасаңыз. Массажга он гана мүнөт сарптайсыз. Оозуңузга абадан толтуруп, бир бетиниздин экинчи бетинизге абаны алмаштырып (оозуңузга суу толтуруп чайкагандай) 20-25 мүнөт,  андан кийин массаждык чийиндер менен ылдыйдан өйдө карата сүртүп, бет булчуңдарын бекемдеп алып, андан кийин башка жумушка өтсөңүз болот. Бетке массаж жасоо башында кыйын, жөн эле убакыт короткондой сезилгени менен бул көрүнүштү өнөкөткө айлантып алсаңыз бекер, химиясыз жашартууну өзүңүз гана камсыз кыла аласыз жана жүзүңүз дайыма жаркырап турат.

Ошондой эле колуңуздун, бутуңуздун  муундарына жана булчуңдарына көнүгүүлөрдү жасап,  далылардын жабышып калуусун алдын-алып, карын майдын топтолушуна тоскоолдук кылып көнүгүүлөрдү жасаңыз. Денеңиз жумшарып, териңиз дем алып, кан-тамырларда кандын жүгүрүүсү тездеп, маанайыңыз ачыла түшөт.

3. Карантин убакта үйдөгү азык-тамактарды үнөмдүү колдонуңуз жана ашканада эксперименттерди жүргүзүп үй-бүлө мүчөлөрүн кубантыңыз

Себеби, карантин убагында көчөгө  чыкпай, чыксак дагы зарыл учурда гана азык-түлүк алганы чыгышыбыз абзел. Канчалык изоляцияда болгон сайын, ошончолук вирусту жугузуп алуу мүмкүнчүлүгү азаят эмеспи. Андыктан муздаткычтагы мөөнөтү өтүп бара жаткан сүттү ыргытып жибербестен, ага камыр жууруп же быштак кылып бышырып түрдүү тамак-аштарды,  айран, кефирдин калдыгын эч качан төкпөстөн, камыр жууруганда кошуп жупжумшак нан, токоч, кекс, занза, чакчак жасасаныз, сиздин балдардын мыкты энеси эле эмес, кожоюндун көз алдында сарамжалдуу, үнөмдүү кожойке болуп бааңыз көтөрүлүшү толук ыктымал.

4. Терезелерди тазалап, үйгө күндүн жаркыраган нурун чачыратканга жол ачыңыз

Себеби, кыштан аман-эсен чыктык деп жазында кожойкелер үйүн тазалоого өтөт эмеспи. Анын үстүнө дем алыш күндө көр турмуш менен алектенип терезе тазалаганга үлгүрбөй жүрсөңүз керек. Карантинде жакшы мүмкүнчүлүк түзүлдү. Жаркыратып терезелерди тазалап, айнектерин жууп, жазгы күндүн жаркыраган нурларын үйүңүзгө кое берип, үйдөгүлөрдү сүйүнтүңүз. Кышты кыштай ачылбаган терезе кирдеп, чаң басып калат эмеспи. Терезелерди тазалоо менен бирге, биротоло чаңдардан арылып дезинфекция кылып аласыз. Ошону менен бирге, үй-бүлө мүчөлөрү жаздын келгенин, чымчыктын сайраганын, бак дарактардын бүрдөп жатканын карантин убакта терезе аркылуу байкай алат эмеспи.

5. Дары челекти (аптечка) анализдеп, ирээтеңиз

Адам баласы улам бирден дары ала берип, дары челек дарыга толуп кетет эмеспи. Ошол себептен дарылардын мөөнөтүн дыкаттык менен карап, мөөнөтү өткөндөрдөн арылыңыз. Үй-бүлөнүн кичинекей мүчөсу билбей дарыны ичип алуусу мүмкүн. Ошол себептен үй-бүлө мүчөлөрүнө инструктаж өткөнүңүз туура болот.

6. Кийимдерди ревизиялаңыз

Аялзатында толтура кийим болсо дагы, көчөгө чыгаарда кийим таппай убара болуп калат эмеспизби. Андыктан карантин убагында кийимдериңизди тариздеп, ревизиялаңыз. Көп жылдап кийилбеген кийимдерден арылганыңыз оң болот. Таштандыга ыргытып жибербестен, эгерде кийимдер эскирбей кийүүгө мүмкүн болсо  муктаж болгон адамдарга бериңиз. Канчалык кереги жок эски буюм турса үйдө, ошончолук үйгө жаңы нерсе кирбейт деп феншуйда айтылгандай, ревизия кылуу менен гардеробго жаңы буюмдар кирүү үчүн орун бошотуңуз. Ошондой эле кол тийбей кийинкиге калган топчусу түшүп калган кийимдердин топчуларын кадаңыз, кийимдердин чөнтөктөрүн текшерип, тешик жери болсо тигип коюңуз. Кыргызда ырым бар эмеспи, чөнтөк тешик болгон сайын, адамга ырыскы токтобойт деп коюшат.

Эмесе, карантинден тажабай,  убакытты пайдалуу иштерге жумшайлы, айымдар!

Abal.kg