Дүйнө

Түрк доктору коронавирусту жуктура турган «эң коркунучтуу жай» кайсы экенин айтты

Стамбулдун үй-бүлөлүк врачтар ассоциациясынын башчысы  доктор Кутбеттин  Демир адамдарды үйүңөрдө калгыла, болбосо медициналык борборлор (клиникалар) «коронавирусту жуктура турган эң коркунучтуу жай” деп эскертүү жасады. «Биз адамдарга айтып жатабыз, өтө өзгөчө кырдаалдарда гана келип кайрылгыла” деп.

Стамбулдун үй-бүлөлүк врачтар ассоциациясынын  колунда бар маалыматтары  боюнча, Түркиянын бул ири шаарында иштешкен 24 врач менен медсестранын коронавируска (Covid-19) тесттери оң натыйжа берген (жугузуп алышкан). Доктор Кутбеттин Демирдин айтымына караганда жуктуруп алгандар  Стамбулдун ар кайсы райондорунда эмгектенишет. Алардын абалы канаттандыраарлык,  деп билдирди Duvar.  Бул туурасында Eadaily.com/ru/news маалымдады.

«Биздин кээ бир досторубуз ооруканаларда дарыланып жатышат, калгандары дарылоону үйдөн улантышууда.  Алардын ден соолугу тынчсыздануу туудурбайт», — деп белгиледи Демир.

Ал коронавирустун жайылышына каршы күрөштө  каталар кеткенин айтты. Анткени эпидемияны ооздуктоо боюнча марттын биринчи жумасына чейин иш-чаралар көрүлгөн эмес. «Чет өлкөдөн келген жарандар февралдын аягынан тартып марттын башына чейин практика жүзүндө иштеген (практикующий)  үй-бүлөлүк  врачтарга кайрылышкан. Арасында улгайган кишилердин дене-боюн текшергенде  алар менен контакта болгон врачтар да бар», — деди адис. Анан азыр да медперсоналга коргоочу комбинезондор менен көз айнектердин жетишпей атканын кошумчалады.

Түркиянын саламаттык  сактоо министрлигинин  билдирүүсүнө караганда өлкөдө  коронавирус инфекциясына чалдыккан 3629 бейтап бар, 75 киши көз жумду.  Түркияда биринчи жолу  Covid-19 жугузулганы 11 – мартта жарыяланган.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button