Чүйдөгү коронавирус жуктурган экөө Көк-Жар айылынан. Дубайдан келгендер экен

Кыргызстан боюнча бул  илдетке чалдыккандар 84кө жеткени кечээ маалымдалган болчу. Алардын ичинен үчөө оор абалда, реанимацияда. Сексен төрт кишинин арасындагы Чүй областындагы эки жаран Аламүдүн районунун Көк-Жар айылынан экени маалим болду.  Бул туурасында Кыргызстандын саламаттык сактоо министрлигинин пресс-борбору билдирген.

Ата-бала 12-мартта Дубайдан учуп келишкен. Аларды врачтардын көзөмөлү астында үй карантинине жиберишкен.  28 – марттагы кайталап алынган анализ инфекцияга оң натыйжа берген. Азыр алардын бүт үй-бүлөсү карантинде.

Abal.kg