Беткапты туура тагынып жатасызбы? Адистешкен мекеменин инструкциясы

Эпидемиянын учурунда беткапты кантип тагыныш керек? Тилекке каршы көпчүлүк муну жакшы биле бербейт.

Тагынаарын тагынып алышып, кайра аны колдору менен кармалашат. А кол менен беткаптын резинасын гана кармоого болот. Өзүн кармоого караманча болбойт! Аткени, беткаптын сырткы бетине чогулган инфекция дароо колго жугат. Андан соң кол менен бети-башты кармалоодон, көздү ушалоодон инфекция организмге өтөт. Андан тышкаары колду жуубай тамактанганда ага жуккан инфекция биринчи кезекте ички организмге кирет.

Үч саатка гана жарамдуу  бир жолу пайдаланылуучу беткапты чечкенден кийин,  аны дароо үстү жабыла турган калдыктар  салынчу чакага салып, хлор чачып коюш керек.

Ал эми көп ирээт колдонуучу беткапты кантип пайдалануу керек экени туурасында Россиянын Роспотребнадзору өз граждандарына төмөнкүдөй инструкция берди. Бул инструкция Роспотребнадзордун сайтына 30-мартта чыкты.

Ал жерде жазылган маалыматка караганда көп ирээт колдонулуучу беткапты кайталап пайлануунун алдында сөзсүз дезинфекциялоо керек. Эң жакшысы беткапты самындап, же кир жуучу каражат менен жууш керек. Андан кийин буусу,  же буу генератору бар үтүк менен үтүктөш керек.

Мындан сырткаары дезинфекцияланган беткап нымдуу болбош керек. Ошондуктан беткапты ысык үтүк менен үтүктөп кургатыш керек.

Бирок, беткап контакттарды чектегенде, колду бат-баттан самындап жууганда, ошондой эле башка буюм-тайымдарды да дезинфекциялап турганда гана эффективдүү болот, дейт аталган адистешкен мекеме.

Abal.kg