Коом

Жыйналыштын учурунда картошка болуп калган аял

Пандемиянын адамзатка жайылышы менен жашоо-турмушта да көптөгөн  өзгөрүүлөр башталды. Ошондой учурлардын кээ бирин массалык маалымат каражаттары таап чыгышкан.

Бул окуя АКШда коммерциялык эмес People For the American Way уюмунун  директору Лизет Окампонун башынан өткөн.  Ал кол астындагы кызматкерлер менен өткөрүп жаткан видеожыйналыштын учрунда кокусунан программадагы  фильтирди активдештирип алып, картошкага «айланып» кеткен.

Туура эмес болуп атканын баамдай коюп, аял фильтрди өчүрүүгө аракеттенген, бирок кантип өчүрүштү билбей койгон.  Натыйжада аял жыйналышты башынан-аягына чейин картошканын «образында» өткөргөн.

Лизеттин кызматкерлеринин  бири Рейчел Клегг начальнигинин тамашалоо  мүмүнчүлүгүн кое берген эмес. Ал экрандан начальнигин тартып алып  Twitterине жарыялап ийген, деп жазат The Mirror.

Жашоо-турмуштун виртуалдуу сферага көчүшү менен ушундай күлкүлүү окуялар көбөйүүдө.

Маселен, март айынын ортосунда, онлайн-сыйынуунун учурунда эки италиялык такыба (священник) кокусунун Facebookтагы масканы активдештирип алышып космонавтарга  айланып кетишкен.  

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button