Бельгияда коронавирустан 12 жаштагы кыз көз жумду

Белгияда коронавирус жуктурган он эки жашар кыз көз жумду деп билдирген CNN, Бельгия Королевствосунун саламаттык  сактоо министрлигинин пресс-катчысынын маалыматына таянып.

Дүйшөмбүдө он эки жаштагы кыз көз жумду. Ага коронавирус инфекциясы деген диагноз коюлган.  

Көз жумган кыздын үй-бүлөсүнүн жеке жашоосун сыйлашыбыз керек деп, Бельгиянын саламаттык сактоо министрлиги кеңири маалымат берүүдөн тайсалдады. Бельгия өкмөтүнүн коронавируска каршы күрөшүү боюнча өкүлү Эмманюэль Андре бул окуя боюнча жергиликтүү телевидениеде сүйлөп жатканда,аябай катуу толкунданганы билинип турду, деп  белгилеген, CNN, 31-мартта.

«Бул эмоционалдык жактан өтө татаал учур, анткени ал балдарга, медициналык жана илимий коомчулукка таасир этет, – деди ал. –Биз үй-бүлөөбүз жана  өзүбүздүн жакындарыбыз тууралуу ойлойбуз».

Abal.kg