Кыргызстанда коронавирустан бир адам каза тапты. Жугузгандарга дагы 9 адам кошулду

Каза тапкан адам Ош областынын Ноокат районундагы ооруканада дарылынап жаткан. Бул туурасында коронавирус инфекциясына каршы республикалык оперативдүү штаб билдирди.  

Маркум  61 жашта болгон. Ал чет өлкөдөн келип,  COVID-19 инфекциясы бышыкталгандан кийин станционарга жаткырылган.  Каза болгон адамдын өтүшүп кеткен оорулары бар экени да бышыкталды.

3-апрелге карата вирус жугузгандардын саны 125ке жетти.