Кайырчы менен боорукер официантканын окуясы жомоктогудай аяктады. Жакшылыктын касиетин карачы!

Адамдын оюна келбес, түшүнө кирбес, кандайдыр бир деңгээлде  кадимки жомоктогу Күлташырдын  (Золушканын) тарыхындай болгон бул окуя тууралуу 6-апрелде туурасында Sm-news (Social media news) жазып чыкты.

Кафеге кайырчы кирип бош столдун бирине барып олтурат. Администратор официанткага кайырчыны кууп жибер дейт.

А официантка кыз болсо тигини куугандын ордуна, кайра ага жылмайып, кайырчынын колуна менюну карматат. Бир минуттан кийин келип заказ алам дейт.

Башка официанттар, бул кайырчы кафеге  келчү башка кишилерди жийиркентип, тигилер кирбей коет деп, тиги кызды тилдей баштаташат. Кафенин директору кызды чакырып алып, кулагына шыбырайт, эгер кайырчы тамагынын акысын төлөбөй кетсе, сенин жаныңдан төлөтүп алам деп.

Коллегалары менен директордун кысымына карабастан официантка кыз жылмайган бойдон кайырчыдан заказ алат.

Кайырчы тамак ичип бүтүп, столдун үсүтүнө акысын калтырат, жанына 100$ өлчөмүндөгү чай пулун кошо таштап кетет.

Мындайды андан эч ким күткөн эмес.

Көрсө, бул киши атайын кайырчынын киймин кийинип алып, персоналы кишилерге кандай мамиле кылаарын текшерип жүргөн, ошол кафе да карамагына кирген ресторандар тармагынын башкаруучусу экен.  

Ал официантканын жакшылыгын, боорукерлигин жогору баалап,  кызды жаңы бүткөн ресторанга директор кылып дайындайт.

Боорукердиги жана чечкиндүүлүгү менен официант кыз жакшы кызмат ордун ээлеп, тагдырын өзгөрткөнгө мүмкүнчүлүк алат.

Мына, жакшылыктын күчү!

Abal.kg