Туз коронавирустан коргойт. Россиянын саламаттык сактоо министрлигинин сунушу

Россиянын саламаттык сактоо министрлиги ашкана тузун коронавирустан коргой турган каражаттардын тизмесине киргизди. Бул туурасында 9апрелде РИА Новости кабарлады. 

Натрийдин хлоридин (кадимки эле туз)  мурундун каңылжаарын (ичин) чайкай турган изотоникалык суюктук катары пайдалануу сунушталууда. Министрликтин адистери бул инфекциялык ооруларды козгой турган бактериялардын жана вирустардын санын азайтаарын айтышты.   

Министрлик жеке гигенанын эрежелерин так сактоону эскертет – колду тез-тезден самындап жууп туруш керек; бетке жуулган таза колду гана тийгизип, же салфектка пайдалануу зарыл; бир жолу пайдаланылчу медициналык маскаларды тагынып, ар бир эки саатта алмаштырып туруу керек.  

Россиянын саламаттык сактоо министрлиги COVID-19ду дарылай турган дарылардын тизмесин жаңыртты. Адар: хлорохин, гидроксихлорохин, лопинавир+ритонавир, азитромицин гидроксихлорохин менен комбинацияланган жана интерферон каражаттары.

Россияда COVID-19ду жуктургандардын саны 12 миңге жетти, 795 бейтап айыкты,  94 киши көз жумду.  

Дүйнөдө 1,5 миллион кишиге жуккан, 90 миңден ашыгы көз жумган.

Abal.kg