Коом

Феликс Кулов өзгөчө кырдаалдар режимин токтотуш керек деди. Себебин түшүндүрдү

Кыргызстандын экс-вице-президенти, экс-премьер-министри, Бишкек шаарынын экс-мэри Феликс Кулов, биздин өлкөдө өзгөчө кырдаалдар режимин токтотуш керек деди. Эмнеге экенин    24.kg, маалымат агенттигине минтип түшүндүргөн.

Анын сөзүнө караганда өзгөчө абалдар режимин калыбына келтирүү  керек. «Өзгөчө абалдарда да  айрым чектөөлөр сакталат, бирок коменданттык  саат алынып ташталат. Бирок, бул, эл ээн-эркин сейилдесин, эртеден кечке кафелерде, клубдарда олтурсун дегендикти билбдирбейт. Андай  болушу да мүмкүн эмес. Эч кандай оюн-зоок иш-чаралары жана массалык көңүл ачуу болууга тийиш эмес. Аны бузгандарга – штраф салынышы керек. Ишканаларда бүт баары милдеттүү түрдө беткап тагынып, имараттарды дезинфекциялап туруу керек.  Ушундай эле чаралар коомдук унаага жана маршруткаларга да тийиштүү. Дүкөндөрдүн баарында  санитайзерлер туруш керек, а адамдар дүкөнгө азык-түлүк алганы кирээрден мурда улагадан милдеттүү түрдө колдорун тазалап туруп анан кириш керек. Бир сөз менен айтканда бул нормалардын баары ийне-жибине чейин так жазылып, жарыяланышы керек, ошондо гана ал реалдуу юридикалык күчкө ээ болот», — деп түшүндүрдү Феликс Кулов.

Өзгөчө кырдаалдар режимин жугуштуулук суткалап  өсүп жана коронавирусту токтотууга мүмкүн болбой жаткан райондордо гана калтырыш керек, деди ал.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button