Пайдалуу кеңештер

Коронавирусту теректин кебези (тополиный пух) ого бетер жайылтат. Адистин айтканы

Иммунолог-аллерголог,  медицина илимдеринин кандидаты Надежда Логина НСНдин  эфиринде, эгерде эпидемия июндун ортосуна чейин токтобосо, анда теректин кебези (тополиный пух) коронавирустун жугуштуулугун алда канча күчөтө турган кубаттуу факторго айланат деди. Бул туурасында  16 — апрелде РИА Новости билдирди. 

«Эгерде июндун ортосуна чейин, терек гүлдөгөнчө, эпидемияны токтото албасак, анда абал өзгөчө оордошуп кетет. Дем алуу органдарынын аллергиялык оорулары  айрыкча  терек гүлдөгөн учурда көп болот. А теректин кебези коронавирусту алып жүрө турган активдүү факторого айланышы мүмкүн, мен бул абалды алдын ала көрүп жатам», — деди Логина.

Теректин кебези.

Баардык эле аллергиктер коронавирус тарап жатканда опурталдуу зонага (зоне риска) киришет, деп эскерртти врач. Ал эми аллергияны массалык түрдө күчөтө турган гүл ачуу сезону жакын арада башталышы мүмкүн.

«Алар — эң биринчи кезекте, бронхиалдык астманын, аллергиялык  риниттин ар түрдүү формалары менен жабыркагандар, андан тышкаары гүл ачуу сезонунда жабырлана тургандар – андайлар Жер бетинде  20%тен ашык», деп түшүндүрдү адис.  

Адистин сөзүнө караганда дем алуу органдарынын баардык аллергиялык формалары менен жабыркагандарда былжырлуу кабыкчанын (слизистые  оболочки) коргонуучу реакциясы болот. Так ошолор  (былжырлуу кабыкча) ар кандай микробдук жана вирустук факторлордун таасирине оңой кабылышат. «Ошондуктан, бизде көзөмөлдө турган ошондой бейтаптарга өзгөчө ыкма менен инструкция берип жатабыз. Андыктан алар айрыкча  сактануулары керек», — деп тыянактады Логина.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button