Дүйнө

Пандемия. Эквадордун шаарларында көз жумгандар короолордо, көчөлөрдө көмүлбөй жатат(фото)

Түштүк Американын бул өлкөсү — Эквадор коронавирустун жайылышына таптакыр даяр эмес экени билинди: ооруканалар жуктуруучу очокторго айланды, а моргдор менен маркумдарды көмүүчү бюролор, абдан көп кайтыш болуп жатышкан адамдардын сөөгүн коюга жетишпей жатышат. Колдорунан келгендер маркумдарды банан менен керветки салынуучу кутулардын картону менен жаап “көөмп” коюп жатышат, а болбосо көз жумган адамдардын денелери чакыйып тийген күндүн алдында, короолордо жана көчөлөрдө көмүлбөй жатат. Бул туурасында 16-апрелде Vazhno.ru маалымдады.    

Акыркы жуманын ичинде көчөлөрдө, ооруканалардын коридорлорунда жана үйлөрдүн короолорунда маркумдардын көмүлбөй жаткан денелеринин фотографиялары жергиликтүү соцжелеге толуп кетти. Сүрөттөрдү жана видеокайрылууларды Twitter сыяктуу соцжелелерге жүктөө менен, аргасы кеткен тургундар бийликке үнүн жеткирүүнүн аракетин жасап жатышат.

Бир нече күн бою катары менен эквадорлуктар Габриэла Ореллана деген аялдын күйөөмдүн сөөгүн моргго алып кеткилечи деп, көз жашын көлдөтүп туруп өкмөткө  кайрылганын талкуулап жатышты. «Господин президент, суранам, жооп бериңизчи мага, каякта ошол кызматтар? Алар мага, келебиз да, алып кетебиз дешкен, бирок алдап коюшуптур… Бир гана өтүнүчүм: анын бул дүйнөдөн татыктуу кетүүсүнө жардам бергилечи!  Суранам, көчөдө көмүүсүз жатканына жол бербегилечи», — деп жалынып-жалбарган ал.

Дагы бир Лурдес Фриас деген жергиликтүү аял The New York Times газетасына,  каза тапкан кошунасын алып кеткилечи деп, беш күн катары менен ар кайсы кызматтарга тынбай чалганын айткан. Алтынчы күнү дегенде гана полиция келип,  маркумдун сөөгүн алып кеткен. «Азыр бизде түшкө кирбес жаман окуялар болуп жатат — бирок эмнегедир алигиче таптакыр ойгонбой жатабыз», — деп даттанган ал аял.  

Ушундай эле проблеманы, атасы коронавирустан каза тапкан эквадорец Эдуардо Хавьер Баррезуета Чавес да башынан өткөрүүдө. «Ал үч күндөн бери конок бөлмөдө жатат, бүт үй-бүлөбүзгө оору жуктуруп. Баарыбызда тең симптомдор бар [COVID-19]: диарея, дененин ысуусу, сөөктөрдүн какшап ооруганы. Биз ооруканага кайрыла албайбыз, анткени аякка барсак мындан да жаман жугузуп алабыз, врачтар да бизди карашпайт. Азыр бизде болуп жаткан окуялар – башаламандык (хаос). Биз биякта өлгөн жатабыз, бирок бизге жардам берейин деп ойлогон эч ким жок», — деп айтып берген Эдуардо.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button