Ванганын “өпкөнүн чумасы” тууралуу алдын ала айтканын кинорежиссерго Рерих айтыптыр
Россиянын атактуу актрисасы жана кинорежиссер Наталья Бондарчук күтүүсүздөн көптөн бери эч кимге айтпай катып жүргөн сырын бөлүштү. “Единственные дни” деген автобиографиялык китебинде, Бондарчук мындан ондогон жылдар мурда эле Ванга адамдын үрөйүн учураарлык көзү ачыктыгында, 2020-жыл тууралуу алдын ала айткан дейт. Бул туурасында 15-апрелде «Лента.ру» малымдады.
Ванганын бул көзү ачыктыктыгын, Наталья Бондарчук 1992-жылы уккан экен. Ошол жылы ал орустун улуу сүрөтчүсү, философ Николай Рерихтин уулу атактуу сүрөтчү Святослав Рерихтин аманчылыгын сурап, көрүп келейин деп, Индияга, анын Гималайдагы ээлигине (турагы) барган. Ошондо Святослав Рерих Ванга менен сүйлөшкөнүн, анда болгариялык көзү ачыктан келечекте бүт дүйнөнү “өпкө тумоосу” каптап, эпидемия болоору тууралуу, өтө коркунучтуу сөз укканын Бондарчукка айтып берген.
Бирок бул өтө коркунучтуу маалымат эч качан эч кимге айтылган эмес, дейт актриса, кинорежиссер.
Бондарчук болгариялык көзү ачыктын ошондогу бүт дүйнөнү каптай турган “өпкө тумоосу” тууралуу алдын ала айтканы, так ушул 2020-жылдагы COVID-19 эпидемиясы деген ишенимде. Актрисанын сөзүнө караганда, көзү ачык бир аз убакыттын кийин тумоонун дарысы табылып, адамзатты сактап калат дептир. Ванга ал дарыны Россиянын окумуштуулары табат деген экен.
Abal.kg