Кытайда эки врачтын өңү коронавирустан карарып кетти

Баардык күчүн COVID-19 илдетинин эң чордонунда күрөшүүгө жумшашкан кытай врачтары, коронавирустун күтүүсүз эффектисине  – терилеринин карарып кетишине туш келишти, деп жазат “Комсомольская правда”.

Эки медиктин терсинин түсүнүн өзгөрүп кетиши, коронавирустун организмде таралышынан улам, боордун бузулуп кетүүсүнүн натыйжасында гормоналдык өзгөрүүнүн натыйжасы.

Докторлор Ю Фан менен Ху Вейфенг Ухандын Борбордук ооруканасында 2020- жылдын январында илдетке чалдыккандарды дарылап атып жуктуруп алышкан.

Врачтардын бири оорудан арыла баштаган учурда карарып кеткен өңүн күзгүдөн көрүп алып жүрөгү түшүп калган. Ошонун натыйжасында түнкүсүн жаман түштөр кирип кыйнала баштаган. Акырындап, врачтын бул психологиялык тоскоолдукту жеңүүсүнө  атайын уюштурган адистердин консультациялары  жардам берген.

Abal.kg