Коронавирусту дарылоо методу мурдатан эле бар, ал ДВС-синдром дейт профессор

Өпкөнү жасалма желдетүүчү аппараттарсыз эле  ДВС-синдром менен дарылоого болот. Россияда пневмонияны  дарылоонун мындай тажырыйбасы мурдатан эле бар, дейт профессор Павел Андреевич Воробьев – Москва шаарынын терапевтеринин илимий коомунун төрагасы.  Бул туурасында  ал 21-апрелде “Независимая газетага” жазган макаласында кеңири токтолгон. Төмөндө бул макаланын бир аз кыскартылган варианты менен тааныштырабыз.  

“Мындан 10 жыл мурда, дүйнө чочко тумоосу менен кагылышкан учурда «Независимая газета» Москва шаарынын терапевтеринин илимий коомунун бул илдеттен жабыр тартышкан оор абалдагыларды дарылоо боюнча сунуштарын жарыялаган болчу, -деп жазат профессор. Андан ары ал оюн минтип улантат. –Экөө (COVID-19 менен чочко тумоосу) окшош: экөө тең өпкөнүн клеткаларын жаралашашып, алардын (клеткалардын) массалык түрдө кыйрашына алып келет. Натыйжада дем алуунун жетишсиздиги пайда болот.

Баардык жерде эле вируска каршы күрөш, андан сактануу боюнча аракеттер жүрүп жатат: карантиндер, изоляциялоолор.Бирок медалдын экинчи жагы бар – дарылоо. Италияда ооруканалар оорулууларга толтура экени, өпкөнү жасалма желдетүүчү аппараттардын жетпей жаткандыгынан башка эч нерсе айтылбайт. Бирок, ал аппараттарсыз деле дарыласа болот.    

Илдеттен  пайда болгон организмдин андан аркы бузулууларын негизинде –кан тамырыланындагы диссеминирленген кандын жүрүшү (диссеминированным внутрисосудистым свертыванием крови (ДВС-синдром) деп аталган  универсалдуу синдром жатат. Кыйраган клеткалар, иммундук жооп кылуунун клеткалары (макрофагдар) канга өтө көп сандагы заттарды чыгарат (цитокиндер, клеткалык  детрит). А алар тамырларда кандын жүгүрүшүн стимулдаштырат. Ал, кыйраган клеткалардын ордунда локалдуу башталып, бирок кан жүргөн баардык тамырларда өтө тездик менен тарай баштайт. Ал түгүл «цитокоин шторму» деген атайын термин да бар.

Микрокантамырлардын тромбоздору – көзгө көрүнбөйт, бирок лабораторияда аныктаса болот. Эми болсо, Кытайда көз жумган оорулууларда тромбоциттердин санынын  азайганын (кан тамырларынын ичиндеги тромбдордун массалык  пайда болуусунун негизинде зарпталчу кандын клеткалары),  D-димеранын (фибиринге айлануу продукты – кан тамырлардан ичинде тромбдордун пайда болушунун натыйжасы) өтө жогорулугун жана кан айлануунун башка да параметрлеринин өзгөрүүсүн айтып жатышат.

Маселен, Россияда биринчи жолу коронавирустан каза тапкан аялды алалы. Өлүмүнүн негизги себеби – өпкөнүн көп сандаган тромбодордун айынан бузулушу. Вирустан бузулушу эмес – тромбдордун негизинде бузулушу. А бул деген  ДВС-синдром да”, -дейт професор.  

“Кандын массивдүү айланышы кан айлануу факторлорунун, тромбоциттердин  түгөнүүсүнө жана кан жүгүрбөө патологиясына алып келет. Бул парадокс тромбогеморрагиялык синдром деген атка конгон. Бир сөз менен айтканда тромбоздор жана кан агуу бири-бири менен чогуу жүрөт, -дейт, андан ары профессор. –Бул сөздү эмне үчүн айтып жатамын? Ушундай оорулууларды эфективдүү дарылоону баштоо керек үчүн. Дарылоо жөнөкөй, арзан жана өтө жакшы белгилүү. Гепарин – канды суюлтуучу жана тромбдордун пайда болуусуна тоскоол болчу дары.      

Бул дарыны, клиникалык инфекциясы оор оорулуулардын баарына бериш керек. Оору өтө оор өткөндө, донордук плазманы (жаңы тоңдурулган плазма) пайдаланыш керек. Плазма кан айлануу учурунда азайган факторлорду алмаштырат – өзүнүнүкүн дагы, ошондой эле кан айлануу балансын калыбына келтирүүчү кан уюу системансына каршы факторлорду алмаштырат.

Нормалдуу абалда алардын активдүүлүгү жетиштүү, а ДВС-синдром болгондо тез азайып, бүтүп калат, кан айлануу башкарылбай турган стадияга өтөт.

Ал эми, өтө оор учуруларда плазмаферез кылыш керек – жогоруда айтылган «штормду» пайда кылган оорулуунун өз плазмасын алып таштоо зарыл.

Грипп H1N1ден айырмаланып, муну өпкөнүн бузула баштаганын биринчи эле саатында эмес (кеп чочко тумоосунда өпкө бузулгандан кийинки анын саат санап өлүмгө алып келе турганы жөнүндө кетип жатат), а респиратордук колдоо көрсөтүүнүн (өпкөнү жасалма желдетүү) биринчи суткасынын башында жасаса  болот. Азыркы инфекциянын шартында оорунун өтө тез өнүгүшү анча байкалбайт, демек интенсивдүү терапия анча деле шашылыш эмес.

Дүйнөлүк атагы бар окумуштуу-врач Зиновий Баркаган

Анын үстүнө мындай тажырыйба бар. Өткөн эпидемияда Алтай крайында (ДВС-синдром менен дарылоо тактикасы (профессор Зиновий Баркагандын мектеби – ушул жылдын апрелинде ал 95 жашка чыкмак) жаралган жерде),  мындай гепариндик-криоплазмендик терапия жүргүзүлбөгөн башка аймактарга караганда өлүмдү 10 эсеге азайта алышкан. Бул туурасында ар түрдүү конференцияларда көптөгөн жолу докладдар окулган. Рационалдуу жана жогору эффективдүү бул терапия ДВС-синдромдун ар түркүн формаларынан он миңдеген, жүз миңдеген адамдарды сактап кала алды”, деп сөзүн аяктаган профессор.

Abal.kg