Окуялар

ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жардам көрсөттү (фото)

Коронавирус илдетинин кесепетинен дүйнөдөгү болуп жаткан пандемия, өз изин калтырууда.  Анын ичинен, биздин өлкөбүздөгү күнүмдүк тапкан акча каражаттары менен күн сүргөн калктын социалдык аярлуу катмарына залакасын тийгизүүдө.

Буга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын ИИМдин Коомдук коопсуздук  кызматынын жаш өспүрүмдөр менен иштөө бөлүмүнүн өздүк курамынын демилгеси менен, турмуштук оор шартта калган жарандарга жана үй-бүлөлөргө гуманитардык жардам көрсөтүштү.

2020-жылдын 22-апрель күнү ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын бөлүм башчысы милициянын полковниги Нуржан Адылова, өздүк курамы менен Бишкек шаарындагы оор турмуштук абалга туш болгон үй-бүлөлөргө жана мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга азык-түлүк пакеттерин таратышты.

Нуржан Адылованын айтымында, азыркы учурда жардамга муктаж болгон үй-бүлөлөр арбын, алардын социалдык жактан коргоо, жардам көрсөтүү мындан ары уланат деп белгилеп кетти.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button