Окуялар

Ысык-Көл облусунда аялына таарынган жигит өзүн атып өлтүрдү

Кечээ, 23-апрель күнү болжол менен саат 13:35 чамасында Жети-Өгүз РИИБге тез жардам кызматынан өзүн-өзү атып өлтүргөн жигит тууралуу маалымат түшкөн. 1990-жылы туулган М.Д. башынан алган жаракаттан улам каза болгон. Аталган факт Жети-Өгүз РИИБде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

Өзүн-өзү атып өлтүргөн жигит 30жашта болчу. Ал 1996-жылы туулган жубайы менен таарынышып жүргөн. Келинчеги Чырак айылына төркүнүнө кетип калган. Аны жездеси (эжесинин күйөөсү) алып кеткен. Каза болгон тургун келинчегин алып келүү үчүн классташтарына кайрылган. Анын милиционер классташы өзүнүн «Субару Форестер» үлгүсүндөгү унаасын айдап чыгып, 4 классташ жолго чыгышкан. Жолдо бара жатканда маркум жубайын алып кеткен бажасына (кыздын жездеси) телефон чалып, ал телефонду кайын энесине берген. Бирок кайын энеси күйөө баласы менен сүйлөшпөй, телефонду өчүрүп салган. Маркум бажасына кайра чалып, жолугушуп сүйлөшүүнү суранган. Ошол маалда маркум телефон аркылуу жалгыз сүйлөшүп алуу үчүн классташтарынан сыртка чыгып турууну суранган. Классташтары эшикте турганда унаанын ичинен «тарс» деген үн чыккан. Жигит досторун унаанын сыртына чыгарып коюп, өз өмүрүнө кол салган. Достору тез жардам чакырганда кеч болуп калган эле.

Ал эми унаа Жети-Өгүз РИИБдин кызматкеринин өздүк унаасы экени аныкталды.
Каза болгон жаран травматикалык тапанчадан өзүнө ок аткан. Тапанча кимге тиешелүү экени текшерилип жатат жана тийиштүү экспертизалар дайындалды.

Abal.kg



Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button